Инстаграм социалдык тармагы Орусияда иштебей калды. Бул тууралуу киберкоопсуздукту жана интернетти башкарууну көзөмөлдөгөн Netblocks уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, реалдуу убакыт маалыматтары Инстаграм азыр Орусиядагы бир нече провайдерлер менен чектелгенин көрсөтүп турат.
Netblocks кошумчалагандай, Инстаграмга кыйыр түрдө VPN кызматтары аркылуу кирүүгө болот, алар өкмөт киргизген интернет чектөөлөрүн айланып өтүшөт. Бирок Орусиядагылардын көбү VPN программасына кире алышпайт.
Эске салсак, Орусия Meta компаниясы модерация эрежелерин убактылуу жумшартып, колдонуучуларга Орусияга каршы билдирүүлөрдү жарыялоого уруксат бергенден кийин Инстаграмга бөгөт коюу чечимин кабыл алган. Андан соң Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын экстремисттик уюм деп таанууну соттон өтүнгөн. Роскомнадзор Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Инстаграмды жабууну чечкен.