Казакстандагы баш аламандыкка байланыштуу эки Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Казакстанда январь окуясынан кийин 19 чет элдик жаранга козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Учурда январь окуясынан кийин 19 чет элдик жаранга кылмыш иши козголду. Алардын ичинен Өзбекстандын 11, Орусиянын 4, Кыргыз өлкөсүнүн 2 жана Кытай менен Тажикстандын бирден жарандары бар. Бул жарандардын баш аламандыктагы аракеттери “уурдоо” беренеси боюнча бааланып жатат. Тергөө иштери дагы деле уланууда, өзгөрүүлөр болушу мүмкүн", - деген Казакстандын Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев.

Буга чейин Казакстандагы январь айындагы тополоңдо 3 жарым миңдей аскер кызматкери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жабыркаганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан