БУУ: "Украинадан 2 жарым миллиондон ашык адам чыгып кетти"

12-мартка карата Украинанын коңшу өлкөлөр менен чек арасынан 2 миллион 808 миң 792 качкын өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 24-февралда башталган согуштук аракеттерден кийин өлкөдөн чыгып кеткен Украина жарандарынын жарымынан көбү Польшада. Бириккен улуттар уюму 18-23-февраль аралыгында Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан Орусияга 96 миң киши качканын билдирди.

Бириккен улуттар уюму Украинадагы кырдаал мындан ары курчуса, жалпысынан 4 миллионго чейин адам өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан