Орусия кумшекерди жана дан өсүмдүктөрүн экспорттоого тыюу салды

Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө данды экспорттоого 30-июнга чейин жана ЕАЭБдин чегинен тышкары кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин убактылуу тыюу салды. Мындай маалымат Орусия өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.

"Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө данды экспорттоого, ошондой эле кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүүдө. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Данга чектөөлөр 2022-жылдын 30-июнуна чейин, кумшекер үчүн 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Данга тыюу салуу буудайга, арпага жана жүгөрүгө тиешелүү.

"Чечим ички азык-түлүк рыногун тышкы чектөөлөрдөн коргоо максатында кабыл алынды", - деп айтылат орус өкмөтүнүн маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан