Түркмөнстандын президентинин уулу Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Түркмөнстандын президентинин уулу Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодон жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ага шайлоочулардын 72,97 пайызы добуш берген.

12-мартта Түркмөнстандагы кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда 9 талапкер ат салышкан. Алардын үчөө ар кайсы саясий партиялардын өкүлү болсо, алтоо өзүн-өзү сунуштагандар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 3,4 миллион шайлоочунун 97 пайыздан ашууну шайлоо участкаларына келип добуш беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан