Европа Биримдиги Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди

Евро биримдикке мүчө мамлекеттер Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди. Бул тууралуу Еврокомиссиянын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Евро биримдиктин расмий өкүлдөрү тыюуга болоттон жасалган буюмдар, кымбат баалуу, премиум класстагы унаалар жана зер буюмдар киргенин жарыялашты.

Мындан тышкары Европа өлкөлөрү энергетика тармагына жаңы инвестицияларды салууга тыюу салышты. Чектөөлөрдүн толук тизмеси берилген жок, бирок Евро биримдик аны жакынкы аралыкта жарыялоону убада кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан