Орусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн 4-айлампасы уланууда. Бул тууралуу украин делегациясынын өкүлү, «Слуга Народа» фракциясынын төрагасы Давид Арахамияга таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.
"Сүйлөшүүлөр уланууда" деген Арахамия.
Мындан тышкары ал башка комментарий берген эмес.
Белгилесек, эки тараптын сүйлөшүүлөрү кечээ, 14-мартта башталып, кошумча иш алып баруу жана жеке аныктамаларды тактоо үчүн бүгүнкүгө чейин "техникалык тыныгуу" алынган. Сүйлөшүүлөр онлайн форматта өтүүдө.
Эске салсак, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.
Украинадагы аскердик кагылышуулар учурунда эки тараптан 13 миңден ашуун аскер каза болгону айтылууда.
Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын жалпы 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго таянып РИА Новости жазган.
28-февралда Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда тараптар бир чечимге келе алышпай, сүйлөшүүлөр уланууда.