
Украинада аскердик абал узартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жогорку Рада 26-марттан тарта Украинада аскердик абалды 30 күнгө узартты. Мындай чечим бүгүн, 15-мартта Украина парламентинин 345 эл өкүлү катышкан жыйынында кабыл алынды.
Белгиленгендей, аталган режим 26-марттан 25-апрелге чейин узартылат.
Буга чейин президент Володимир Зеленський Украинадагы аскердик абалды узартуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.