Орусия АКШнын президенти Жо Байденге жана башка жогорку даражалуу америкалык чиновниктерге жеке чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен орус басылмалары жазышты.
"Орусиянын кызмат адамдарына АКШга кирүүгө тыюу салган болуп көрбөгөндөй санкцияларына жооп катары, 15-марттан баштап президент Жо Байден жана бир катар жетекчилер, белгилүү америкалык ишмерлерге каршы чектөөлөр кирди", - деп билдиришкен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен.
Ошондой эле жакынкы арада Орусиядан санкциялык тизмени кеңейтүү боюнча жаңы билдирүүлөр келери айтылууда. Ага "Орусияны жек көрүүгө салымын кошкон" АКШнын жогорку даражалуу чиновниктери, армиясы, мыйзам чыгаруучулары, ишкерлери, эксперттери жана медиа өкүлдөрү кирет.
1. Жо Байден;
2. Энтони Блинкен – АКШнын мамлекеттик катчысы;
3. Ллойд Остин – АКШнын коргоо министри;
4. Марк Милли - Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы;
5. Жейкоб Салливан – АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы;
6. Уильям Бернс – ЦРУнун директору;
7. Женнифер Псаки – Ак Үйдүн басма сөз катчысы;
8. Далип Сингх - АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары;
9. Саманта Пауэр – Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору;
10. Хантер Байден - АКШ президентинин уулу;
11. Хиллари Клинтон - АКШнын президенттигине мурдагы талапкер;
12. Адевайл Адейемо - финансы министринин биринчи орун басары;
13. Рета Жо Льюис - Экспорт-импорт банкынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы.