Украинанын президенти Володимир Зеленський Telegram каналына видео кайрылуу жүктөп, анда украин делегациясы менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр татаал болсо да уланышы керектигин билдирди.
"Ар ким өз ордунда иштеши керек, анын ичинде Орусия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдө делегациянын курамына биздин өкүлдөр да кириши керек. Бул кыйын, бирок маанилүү. Жолугушуулар уланып жатат, мага маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдөгү позициялар реалдуураак боло баштады. Бирок чечимдер Украинанын кызыкчылыгына жооп бериши үчүн дагы убакыт керек", - деди Зеленський.
Анын айтымында, ал Киевдин пайдасына чечиле турган чечимдерге үмүттөнөт.