Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январь айындагы тополоңдо кармалгандарга карата кыйноолор орун алганын бүгүн, 16-мартта парламент палаталарынын бирдиктүү жыйынында казак элине кайрылуу кылып жатып айтты.
Ал укук коргоо кызматкерлери кармалгандарды суракка алууда тыюу салынган ыкмаларды колдонгонун казак бийлиги моюнуна аларын билдирди.
“Биз укук коргоо кызматкерлери камактагыларды суракка алуунун жана кыйноолордун тыюу салынган ыкмаларын колдонгон фактыларын моюнга алдык. Орто кылымдагыдай, бул сыяктуу жапайы көрүнүштөр ар кандай прогрессивдүү коомдун принциптерине карама-каршы келет. Алар биз үчүн дагы кабыл алынгыс. Бул иштер боюнча алгачкы маалыматтар чыгаары менен мен аларды кылдаттык менен иликтөө тапшырмасын бердим. Дээрлик алгачкы күндөрдөн эле адам укуктарын коргоочулар дагы иш алып бара башташкан. Укук коргоочулар тобу убактылуу кармоочу жайларды ээн-эркин кыдырып, январь окуясынын катышуучуларынын камактагы шарттары менен таанышып, алардын арыз-даттанууларын карап чыгышты”, - деди Токаев.
Ошондой эле ал ар бир арыз өз-өзүнчө каралып, бул нерсе адилет чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болгонун билдирди.
Мындан сырткары казак президентти коомдук активисттерге, юристтерге, укук коргоочуларга активдүү аракеттери жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.