БУУнун Эл аралык соту Орусияны Украинадагы аскердик операциясын токтотууну талап кылды

Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык соту Орусияны Украинадагы аскердик операциясын токтотууну талап кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

"Орусия 24-февралда Украинанын Луганск жана Донецк облусунда баштаган аскердик операциясын тез аранын ичинде токтотушу керек.

Мындан тышкары Орусия бул операциянын алкагында өзү жиберген же колдогон бардык аскердик түзүлүштөрдүн ошондой эле анын көзөмөлүндө, жетекчилигинде же таасири астында болгон уюмдардын жана жеке адамдардын ишмердүүлүгүн токтотууну камсыз кылууга тийиш", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Украина Орусияга каршы Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык сотуна даттанган.

"Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз. Соттон токтоосуз түрдө Орусияны аскердик аракеттерди токтотууга буйрук берип, угууларды кийинки аптага белгилөөнү сурайбыз", – деп жазылган Зеленскийдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Бул окуядан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишти.

Украинадагы аскердик кагылышуулар учурунда эки тараптан 13 миңден ашуун аскер каза болгону айтылууда.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын жалпы 3 миң 700 аскердик техникасын жок кылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго таянып РИА Новости жазган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан