АКШда 13 жаштагы айдоочу башкарган унаа кырсыкка кабылып, 9 адам көз жумду (фото)

АКШнын Техас штатынын батышында 13 жаштагы өспүрүм башкарган жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, 9 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 18-мартта болгон. Өспүрүм унаада жалгыз болгон эмес, жүк ташуучу унаада аны менен бирге чоң киши болгон. Ал башкарган унаа Түштүк-Батыш университетинин гольф командасы жана анын машыктыруучусу келе жаткан фургон менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен команданын эки гана мүчөсү аман калып, экөө тең ооруканага жаткырылып, абалы оор. Натыйжада тогуз адам, анын ичинде студенттик гольф командасынын мүчөлөрү жана алардын машыктыруучусу каза болгон.

Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңештин төрагасынын орун басары Брюс Ландсбергдин айтымында, кагылышуу катуу ылдамдыкта болгон. Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча, фургондун алдынкы сол дөңгөлөгү кагышуунун алдында жарылып кеткен. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан