ИИМ: "Унаа" мамлекеттик мекемесинде оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталды"

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унааларды каттоо боюнча социалдык тармактарга чыккан 40ка чукул материалдардын негизинде алардын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

"Комиссия оң рулдуу же шектүү транспорт каражаттарын каттоодо же кайра каттоодо мыйзам бузуу фактыларын иликтеп, аныкталган фактылардын жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп берет", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаасын эрежени бузуу менен каттагандыгы үчүн "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери жумуштан бошотулганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров былтыр декабрь айында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемеси Ички иштер министрлигине караштуу болуп, айдоочулук күбөлүк берүү, квалификациялык сынактарды өткөрүү, автомектептерге лицензия берүү министрликтин колуна өткөн. Аталган мекеме буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына караган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан