Роскомнадзор жакынкы күндөрү Орусияда YouTube видеохостингине бөгөт коюушу мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык РИА басылмасы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.
"Келерки жуманын аягында YouTube видеохостингине бөгөт коюлушу мүмкүн. Мунун ыктымалдуулугу жогору деп ойлойм. Белгилүү болгондой, YouTube'га ушул жумада бөгөт коюлмак. Бирок Инстаграм иштебей калды. Менимче, баары бир убакта болбошу үчүн YouTube'ка чектөө коюу убактысы жылдырылган", - деген ишенимдүү булак.
Эске салсак, Орусия Meta компаниясы модерация эрежелерин убактылуу жумшартып, колдонуучуларга Орусияга каршы билдирүүлөрдү жарыялоого уруксат бергенден кийин Инстаграмга бөгөт коюу чечимин кабыл алган. Андан соң Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын экстремисттик уюм деп таанууну соттон өтүнгөн. Роскомнадзор Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Инстаграмды жабууну чечкен.
28-марттан тарта Rossgram'дын кадимки функционалдуулугу менен Instagram'дын орусиялык аналогу ишке киргизилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.