Бүгүн, 19-мартта Түркмөнстанда Рухыет сарайында өлкөнүн жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедовдун инаугурациясы болду. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар жазышууда.
Ага ылайык, салтанатта Сердар Бердымухамедов ант берип, Түркмөнстандын президенти кызматына киришти.
Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов 12-мартта өткөн президенттик шайлоодо 72,97 пайыз добуш алып жеңишке жеткен.
Сердар Бердымухамедов тууралуу кызыктар шилтемеде.