Түркмөнстандын жаңы кызматка киришкен президенти өкмөттү отставкага кетирди

Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттү отставкага кетирүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, өкмөттүн отставкасы өлкөнүн Конституциясына ылайык өттү. Министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кызматын уланта беришет.

Кечээ, 19-мартта Түркмөнстанда Рухыет сарайында Сердар Бердымухамедов ант берип, президенттик кызматка киришкен.

Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов 12-мартта өткөн президенттик шайлоодо 72,97 пайыз добуш алып жеңишке жеткен.

Сердар Бердымухамедов тууралуу кызыктар шилтемеде.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан