Багама аралдарынын жээгинде гаитилик мигранттарды ташып бараткан кеме чөгүп,
20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалыматка караганда, кырсык 26-ноябрь күнү Стэниэл-Кей аралына жакын жайгашкан
жээктердин биринде болгон. Анда Америка Кошмо Штаттарына багыт алган гаитилик
мигранттардын кемеси суу астындагы асканы сүзүп, чөгүп кеткен. Кырсык тууралуу кабар жетер замат
Американын куткаруучулары жардамга келип, 110 адамдын өмүрүн сактап калышкан.