Шавкат Мирзийоев кыргыз элин Орозо Айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев кыргыз элин жана Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Тарыхый достук жана жалпы баалуулуктар менен тыгыз байланышкан Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жалпы өнүгүүсүнүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Акыркы жылдарда биздин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жемиштүү жолугушууларыбыздын алкагында жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана дос элдерибиздин келечеги үчүн дагы жигердүү кызматташууга негиз болуп кызмат кылат", - деп айтылат куттуктоо катында.

Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ар дайым прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан