Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, сүйлөшүүдө биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечеги талкууланды.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия президентинин сапарын күтүп жатканын жана мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.

Белгилесек, сүйлөшүү түрк тараптын демилгеси менен ишке ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан