"Челленжге катышып каза болгон". АКШда аял кызынын өлүмүнө байланыштуу Тик-Токту сотко берди

АКШда 10 жаштагы Нила аттуу кыздын апасы Андерсон Тавайна Тик-Ток социалдык тармагын сотко берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нила былтыркы жылдын декабрь айында Тик-Токто пайда болгон "муунуу ыкмасы аркылуу белгилүү бир убакытка эс-учун жоготуу" темасындагы челленжди аткарып жатып, эсинен танган. Апасы кызын уктоочу бөлмөсүнөн таап алып, дароо ооруканага жеткирген. Бирок Нила окуядан 5 күн өткөндөн кийин каза болуп калган. Мындан улам Ниланын апасы кызынын өлүмүнө толук түрдө Тик-Ток социалдык тармагы күнөөлүү деп эсептей турганын билдирген.

Буга чейин Тик-Токтун кыска видеолорду көрүү бөлүмүн иштеп чыккандар ата-энелер тарабынан көзөмөл орнотуу кызматын сыноодон өткөрүп жатышканын жарыялаган. Ошондой эле колдонуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата чектөөлөр киргизилгени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан