Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдөгү маймыл чечеги оорусунун чыгышына байланыштуу кырдаалды талкуулоо үчүн эксперттерди чукул жыйынга чакырып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун лидерлери маймыл оорусуна каршы күрөшүү үчүн чукул жыйын өткөрөт. Африкада гана кездешүүчү бул оору дүйнөнүн 11 өлкөсүндө катталды", - деп жазылат маалыматта.
Соңку жумаларда дүйнө жүзү боюнча маймыл чечек оорусуна чалдыккан 60тан ашык адам аныкталды. Айрыкча, оору Европада жана АКШда жайылып баратат. Бул эпидемия дүйнө жүзүндөгү адистерди тынчсыздандырууда. Анткени бул вирустук оору буга чейин Батыш жана Борбордук Африкада гана кездешчү.
Бул оору АКШ, Канада, Австралия, Испания, Италия, Португалия, Франция, Улуу Британия, Германия, Швеция жана Бельгия сыяктуу өлкөлөрдө катталган.
Бул оорунун негизги белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, чарчоо, баш оору кирет. Ошондой эле териде исиркектер пайда болуп, бүт денеге тарайт. Инкубациялык мезгил 5 күндөн 21 күнгө чейин, өлүм көрсөткүчү 4 пайыздан 22 пайызга чейин.