Тажикстандагы баш аламандык учурунда каза болгон 21 кишинин сөөгү туугандарына берилди

Тоолуу Бадахшанда каза болгон 21 кишинин сөөгү туугандарына берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы "контртеррордук операция" учурунда өлгөн 21 кишинин сөөгү туугандарына берилди.

Тажик бийлиги 18-майда Рушан районундагы "антитеррордук операция" деп аталган окуяда 8 киши мерт болгонун, 27 адам жаракат алганын, 114 жергиликтүү тургун кармалганын билдирген.

Укук коргоо органдары өлтүрүлгөндөрдү, жаракат алгандарды жана кармалгандарды "террордук топтордун активидүү мүчөлөрү" деп атады.

Тоолуу Бадахшанда интернет байланышы өчүрүлгөн, ЖМК өкүлдөрүн аймакка киргизбей жатат.

Жашоочулар Хорогдун жолдору жабылганын, төрт күндөн бери мамлекеттик мекемелер, мектептер жана жогорку окуу жайлар иштебей турганын, коомдук транспорт токтогонун билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингчилер талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин айткан. Тажик бийлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү "мыйзамсыз нааразылык акциялары террорчулук катары эсептелине турганын" эскерткен.

Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан