Украина парламенти 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта КМШга мүчө мамлекеттердин элдеринин эрдигин жана баатырдыгын түбөлүккө калтыруу боюнча келишимден Украинанын чыгышын колдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзам долбооруна пленардык жыйында 274 эл өкүлү добуш берген.
Бул келишимге 2011-жылдын 9-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган.
Ошондой эле Украина КМШ менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча келишимден чыгуу жана КМШ менен биргелешкен айыл чарба рыногу боюнча келишимден чыгуу маселелерин жактырды.
Буга чейин Украина Орусия менен Беларустан келген дары-дармектерге тыюу салган мыйзамды кабыл алган.