Аскердик жаңжал күчөгөндөн бери Орусияга Украинадан дээрлик 1,5 миллион качкын келгени айтылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Шейшемби күнү Москва убактысы боюнча саат 06:00гө карата жаңжал башталгандан бери Орусиянын чек арасынан 1 миллион 444 миң 761 адам өттү, анын ичинен 240 миң 490у балдар", - деп жазылат маалыматта.
Февраль айынын аягындагы аскердик кагылыштан улам Украинадан карапайым калкты масштабдуу Орусияга эвакуациялоо башталган.