Кикбоксинг боюнча Украинанын чемпиону жана тай боксу (муай-тай) боюнча дүйнө чемпиону болгон Алексей Янин Мариуполь шаары үчүн салгылашууда каза болду. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, спортчу Украинанын Улуттук гвардиясынын "Азов" улуттук батальонунун өзүнчө атайын багыттагы бөлүмүндө кызмат өтөгөн.
Украинанын Жаштар жана спорт министрлиги спортчунун каза болгонун 24-апрелде кабарлаган. Бирок Янин андан мурун эле, тагыраагы 7-апрелге караган түнү Мариуполдо согуш учурунда каза болгон.
Каза болгон спортчу 9 жыл бокс менен алектенип, 21 жашында тай бокска келген.