Түркмөнстандын өлкө башчысы Сердар Бердымухамедовдун апасы "Эмгек сиңирген килем токуучу" наамына ээ болду. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, мындай наам Огулгерек Бердымухамедовага өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдап, улуттук килем токуу өнөрүн өнүктүрүүгө жана анын көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн ыйгарылган.
"Аны менен катар мындай наам дагы он бир аялга тапшырылды. Ошондой эле аталган наам Түркмөнстанда 1991-жылдан бери килем майрамына карата ыйгарылып келет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Огулгерек Бердымухамедова Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолдошу Гурбангулы Бердымухамедовдун жолугушуусунда алгачкы жолу эл алдына чыккан.