Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, акыркы убакта коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткан айрым суроолорго жооп берди.
Анда президент журналисттин өлкөдө доллардын куну төмөндөгөнү менен, бензиндин, азык-түлүктүн, дегеле товарларга болгон баа төмөндөбөй жатат деген суроосуна жооп берди.
"Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет - бул Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май Казакстан менен Орусияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат", - деди президент.