Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылынын тургуну кайрылды.
Окурман айылдагы маданият үйүнүн мышык ыйлагыдай абалда экенин айтып, канчан оңдолот деп суроо салды.
"Жумгал районунун Кызарт айылындагы маданият үйү мышык ыйлагыдай абалда. Мындан 20 жыл мурун да ушундай акыбалда болчу. Оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Полу жок, отургучтары сынган. Биз качан өнүгөбүз деги?" дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.