Өлкөдө коммерциялык банктар, насыялык уюмдар каржы пирамидасын түзүп жатканын депутат Шайлообек Атазов жыйында белгиледи. Айтымында, кредиттик уюмдардын саны 300дөн ашып, элди ыйлатып жатат.
"Көпчүлүк насыялык уюмдар мыйзам талаптарын бузуп, туура эмес каржы операцияларын жүргүзүп, каржы пирамидасын түзүп жатышат. Ошондой эле каалагандай насыялык чендерди коюп жатышат. Элди ыйлатып жаткан уюмдардын ишмердүүлүгүн Улуттук банк токтото албайбы?", - деди ал.
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мыйзам бузуу такталганда гана уюмдардын ишмердүүлүгү токтотуларын айтты. Төрага бул маселени депутатка кийинчерээк жекече түшүндүрүп берерин белгиледи.