Бүгүнкү парламент жыйынында даараткана маселеси көтөрүлдү. Анда депутат Арсланбек Малиев ар бир үйгө заманбап даараткана куруу боюнча мамлекеттик ипотекалык программаны иштеп чыгууну сунуштады.
"Бүгүнкү күндө жарандардын басымдуу бөлүгү чоң аталарыбыз, бабаларыбыз барган дааратканаларга дагы эле барарын түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан калктын маданиятын көтөрүү программасын кабыл алып, мамлекет бул программаны өз мойнуна алышы керек. Анда душу бар заманбап даараткана, мындайча айтканда, санитардык блок ар бир үйдө болушу керек. Алар үч түрдө болуп, жарандар турак жайына жараша тандай ала тургандай болушу шарт. Бул үчүн мамлекет тарабынан акча бөлүнүп, ар бир жаран же үй-бүлө ипотека сыяктуу 10-15-20 жылдын ичинде төлөшү абзел.
Заманбап дааратканасыз бир дагы коомдук имарат, ишкана курулбашы керек. Мектептерди курабыз, дааратканасы короодо. Бул туура эмес, биз кайра балдарды эскиге, артка чегинүүгө көндүрүп жатабыз. Бүгүн биз дүйнөнүн цивилизациялуу өлкөлөрүнүн чөйрөсүнө киришибиз керек. Ушундай кылсак, маданиятыбыз, туризмибиз жана ушуга байланыштуу башка бардык маселелер көтөрүлөт", - деди ал.