Евро Биримдик маймыл чечегине каршы 110 миң доза вакцина сатып алат

Евро Биримдик маймыл чечегине каршы 110 миң доза вакцина алуу боюнча Bavarian Nordic компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, вакцинаны Евро Биримдик өз каражатына сатып алат жана Евро Биримдикке кирген өлкөлөргө жеткирет. Вакциналар муктаждыгына жараша өлкөлөргө бөлүштүрүлөт. Bavarian Nordic компаниясынан билдиришкендей, вакциналар жакынкы айларда жеткирилет.

Еврокомиссиянын маалыматы боюнча, маймыл чечеги Евро Биримдиктеги 19 мамлекеттен катталган. Ошондой эле Евро Биримдикке кирбеген Норвегия жана Исландия өлкөсү да аталган вакцинаны алуу укугуна ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан