Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирди

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым аныкталган жок. Бул тууралуу экс-министрдин жактоочусу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Жактоочунун айтымында, 2021-жылы "Синофарм" вакцинасын сатып алуудагы бардык чыгымды Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган.

"Адвокаттык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым жок экендиги белгилүү болду. 2021-жылдагы "Синофарм" вакцинасын сатып алуудагы бардык чыгымды келишимдин негизинде Бүткүл дүйнөлүк банк төлөп бергени аныкталды", - деп жазган ал.

Ошондой эле ал муну тастыктаган бир катар документтерди тиркеп, 2022-жылы 28-февралда жана 2-мартта Бүткүл дүйнөлүк банк өлкөнүн Финансы министрлигинин борбордук казынасына түздөн-түз төлөм аркылуу 13 миллион 454 миң доллар акча которгонун белгилеген.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан