"Калыс козголгонбу же жокпу билейин деп...". Президент саламаттыкты сактоо министри боюнча комиссия түздү

Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлдү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Азаттык" үналгысына берген маегинде айтты.

Анда өлкө башчыга: "Бейшеналиев сизге жакын министр катары белгилүү болчу. Эки күн мурда эле Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" балдардын реабилитациялык борборунун ачылышында министрге ушул ишти колго алып бүтүргөндүгүнө ыраазычылык билдиргенсиз. 2-июнда да министр сизди коштоп жүргөнүн маалымат кызматыңыз жарыялаган. Министрдин мыйзамсыз иштери тууралуу кабарыңыз болгонбу?", - деген суроо берилген.

Садыр Жапаров министрди кармоо калыс болгон, болбогонун билейин деп комиссия түзгөнүн белгиледи.

"Эсиңиздерде болсо, 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. "Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле" деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бир кылмыш иши "коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "опузалап пара алуу беренеси", төрт кылмыш иши "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан