Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, кечээ, 30-июнда Акылбек Жапаров Бекмурзаевди иш бөлмөсүнө чакырып, аны менен түшүндүрүү ишин жүргүзгөн. Жыйынтыгында министр Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берилген.