Рустам Аташов: "Аскат тасмага тартылбагандан кийин жөн эле отура берсе болмок"

Буга чейин коомчулукка Жоробектин образы менен белгилүү болгон Аскат Эрбаев SUPER.KG порталына маек берген. Көп өтпөй белгилүү режиссёр Рустам Аташов Аскат Эрбаевдин маегине жооп катары өзүнүн пикирин билдирди.

"Аскат Эрбаев тасмага тартылбагандан кийин жөн эле отура берсе болмок. Азыркы учурда кино элге көрсөтүлүп жаткандан кийин элдин оюн бурбаш керек эле да. Өзүнүн эле ойногону жакшы болмок. Мен башка актёр ойнойт деп ойлогон эмесмин. Аскат ойнойт деген ой менен бул тасманы баштагам. Эми гонорар маселесине келсек, алгач мен Аскатка 100 миң сом сунуштадым жок дегенинен, 300 миң болобу десем "жок" деди, анан 5000 доллар дедим. Тасмадагы Сагын агайы дагы кел 5000 доллар деле көп акча, келип ойно десе дагы макул болбой койду. Керек болсо меники 9000 доллар дагы эмес, 10000 доллар деп туруп алды", - дейт тасманын режиссёру Рустам Аташов.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

“Элди каратып туруп калп айткан уят иш” дейт Рустам Аташов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nina.alex
2022-10-08 15:01:00
Ушул киши кино тартпай эле койсо андан коро
-3
Baktiyar731
2022-10-08 16:21:00
Nina.alex Менин оюмдагыны жазыпсың ☺
-4
Asmat84
2022-10-08 16:28:00
4- бөлүгүн тартам деп атып элге жаман көрүнүп алдыңыз окшойт Рустам Аташов. Ар бир адамдын эмгегин мээнетин билиш керек. Балким 10 000 доллар берип Аскатты тартканыңда ошол кеткен акчаң эселеп кайтмак
-4
adilbars
2022-10-08 17:41:00
Же кыйраткан бир кино болсочу, сюжети деле ...
-5
nurik73
2022-10-08 20:13:00
Азыркы режисерлор батышка жагыш учун уят жана криминал кинолорду коп тартышат. Аскатты мумкун акча кызыктырган эместир жон гана шылтоо кылып баш тартып койсо керек. Рустам акага айтаарым башка тема коп братан. Соссуз эле мухаббатты тартып кереги жок.
0
pochtalyonin
2022-10-10 00:52:00
Рустам көт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан