"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында негизги ролду аткарган белгилүү актёр Аскат Эрбаев SUPER.KG порталына маек берди.
Маегинде актёр тасманын төртүнчү бөлүгүнө эмне себептен тартылбай калганын айтып берди.
"Башында менин катышуум менен 2 күн съемка болгон. Бирок анда тасма башталды деп съемка болгон эмес. Анда демөөрчүлөргө көрсөтө турган тизери эле тартылган. Тасма андан кийин тартыла баштаган. Рустам байкенин маегин мен дагы көрдүм. Мен өзүм актёрлук кесипти бүттүм. Муну абдан жакшы түшүнөм. Бул жерде чоң эмгек, мээнет бар. Ошонун баарын көрүп туруп мен тасманын жарымына келип таштап койчу киши эмесмин", - дейт ал.
Ошондой эле Аскат Эрбаев ага тасмада катышкан улуу адамдар дагы келгенин белгиледи. Бирок ал тасмага тартылуудан баш тарткан.
"Тасмага катышкан аксакал актёрлор мага келди. Мен тасмага тартылуудан баш тарттым. Мунун дагы бир себеби бар. Гонорар маселеси деле чечилбей калды. Башында баарыбыз чогулуп, сүйлөшүп отурганда ошол эле жерден бул маселе көтөрүлгөн. Эми мурункудай студенттер жок, бекер актёр жок, азыр бардыгыбыз окуу-жайды бүтүп, толук кандуу актёр болуп калдык.
Анан ошол жерден мен эң көңүл бура турган нерсе сценарий экенин айткам. Бул жерден менин көңүлүмө толбогону гонорар маселеси дагы болду. Азыр мага сунуштаган суммасын айтсам элдин баарынын күлкүсү келет. Айтпай эле коёюн эми", - деди Аскат Эрбаев.