Аргентинанын сенсациялуу түрдө утулушу. Лионель Месси билдирүү жасады

Атактуу футболчу Лионель Месси Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында Аргентинанын Сауд Арабия курамасына сенсациялуу түрдө жеңилиши боюнча билдирүү жасады.

"Эч кандай шылтоо жок. Биз мурдагыдан да ынтымактуу болобуз. Атаандаш командабыз күчтүү жана аны көрсөтүштү. Бул биз көптөн бери чогуу ойнобогон абал. Эми Аргентина курама командасы чыныгы команда экенибизди көрсөтүшүбүз керек. Биз каталарыбызды оңдоп, максатка жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек. Мен жакшымын, бирок натыйжага капа болдум", - деди Месси оюндан кийинки журналисттерге берген интервьюсунда.

Эске салсак, бүгүн, 22-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Аргентина курама командасы Сауд Арабиянын курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде Сауд арабиялыктардын сенсациялуу жеңиши менен аяктады. Аргентиналыктардын жалгыз голун Месси киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан