Бүгүн, 22-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда сенсация орун алды.
"С" тайпасынын алкагындагы беттеште Аргентина курама командасы менен Сауд Арабия кез келип, оюн 2:1 эсебинде сауд арабиялыктардын жеңиши менен аяктады. Аргентина - бул Дүйнө чемпиондугундагы фаворит командалардын бири.
Муну менен Сауд Арабия өзүнүн тайпасында биринчи орунга чыкты.
Беттештеги голдорду Лионель Месси (10-мүнөттө), Салех аш-Шехри (48) жана Салем Аль Досари (53) киргизди.