Ысык-Көлдө кайрадан жер силкинди

Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-ноябрь күнү саат 08:46да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

"Жердин силкинүүсү Тоң районунун Ак-Сай, Эшперов, Төрт-Көл, Көк-Сай, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылдарында 3 балл, Бөкөнбаев, Коңур-Өлөң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү түнкүсүн аталган облустун аймагында эки ирет жер титиреген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан