Ысык-Көлдө бир түндө эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, 22-ноябрга караган түнү саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ушул эле күнү 04:34тө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталганы кабарланды. Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет, Кызыл- айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Тологой айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.