Социалдык тармактарда Сауд Арабия курама командасынын башкы машыктыруучусу Ерве Ренардын чечинүүчү бөлмөдөн оюнчуларына кайрылган видеосу тарады.
Видео биринчи бөлүк аяктагандан кийин чечинүүчү бөлмөдө тартылган. Бул учурда Аргентина 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан.
"Бул прессингби? Прессинг ар дайым бийик экениңерди билдирбейт. Месси талаанын борборунда, ал бар. А сен коргоочулардын алдында турасың! Анда телефонду ал дагы Месси менен сүрөткө түш! Биз кайтарып ала турганыбызды сезбей жатасыңбы? Алар эркин ойноп жатышат! Кеттик, балдар, кеттик! Бул дүйнөлүк чемпионат! Жеңиш үчүн баарын бергиле", - деп футболчуларга кайрылды ал.
Дал ушул тыныгуудан кийин Сауд Арабия курамасы оюнду таптакыр башка нукка бурган.
Эске салсак, 22-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Аргентина курама командасы Сауд Арабиянын курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде сауд арабиялыктардын сенсациялуу жеңиши менен аяктаган.