Футбол боюнча Сауд Арабия курамасынын ар бир оюнчусу Аргентинаны сенсациялуу түрдө жеңгени үчүн Rolls-Royce унаасын алат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сауд арабиялык футболчуларга сенсациялуу жеңиши үчүн Rolls Royce Phantom унаасы берилет. Бул унаанын баасы болжол менен 50 миллион сомдун тегерегинде.
Эске салсак, 22-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Аргентина курама командасы Сауд Арабиянын курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде сауд арабиялыктардын сенсациялуу жеңиши менен аяктаган.