Акжол Махмудов Азиянын эң мыкты балбаны аталды

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азиядагы өкүлчүлүгү (UWW Asia) олимпиадалык стиль боюнча 2022-жылдагы Азиядагы эң мыкты балбандарды атады. Бул тууралуу аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Ага ылайык, грик-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов Азиянын эң мыкты балбаны деп табылды.

Эркин күрөш боюнча япониялык Таиши Нарикуни мыкты деп табылса, ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты балбан аталды.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын "Тарых жаратуучусу" деп аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан