Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын "Тарых жаратуучусу" деп аныктады.
Бул наамга кыргызстандык эки спортчудан сырткары ушул жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон орусиялык-албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 килограмм салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон япониялык Юи Сусаки да ээ болду.
Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күчүн сынап, атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти илип кеткен. Мындан улам Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу аталган.
Ошол эле мелдешке катышкан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта атаандашын 11:2 эсебинде утуп алган. Шаршенбеков 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга экинчи алтын медаль алып келген балбан болгон.
Буга чейин UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова татыган. Тыныбекова ал жылы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болгон.