Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Катар кубогу эл аралык турниринде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынан билдиришти.
Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешке чыкты.
Кечээ бул турнирде кыргызстандык дагы бир оор атлетчи
Эмил Молдодосов күмүш медаль уткан
болчу.
Турнир ушул тапта Доха шаарында өтүп жатат. Анда Кыргызстандын намысын Эмил Молдодосов менен Бекдөөлөт Расулбеков коргоду.