Кыргызстандык оор атлетчи Эмил Молдодосов Катардын кубогунда күмүш медаль алды. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынан билдиришти.
Турнир ушул тапта Доха шаарында өтүп жатат.
Молдодосов 89 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Бул категорияда 9 спортчу ат салышкан. Кыргызстандык спортчу жулкуп көтөрүүдө (162 килограмм) алтын медаль алган, түртүп көтөрүүдөн (185 кг) күмүш алган. Жалпы эсепте (347 килограмм) экинчи орунга татыган.
Ал эми Кыргызстандын намысын коргоп жаткан дагы бир спортчу Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 3-январда күч сынашат.