Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 жүктөгүч тартылып, аталган унаа жол бүгүн саат 16:30да толугу менен ачылды.
Эске салсак, 8-январда саат 12:30 чамасында аталган унаа жолдун 1-4-чакырым аралыктарында 7 миң 725 метр куб кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылып калган.