Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка - Ак-Таш унаа жолу эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 1-4-чакырым аралыктарында көлөмү 7725 чарчы метр болгон кар көчкү түшкөндүктөн улам каттам эки тараптуу жабылды.
"Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 жүктөгүч тартылды. Учурда жолду толук ачуу иштери жүрүп жатат. Алдыда кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.