Мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыктады.
Ага ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды.
Ага Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, "Камеко" компаниясы менен башкы келишим түзүү эпизоддору боюнча шалаакылык беренелеринин негизинде айып тагылган.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн мойнуна алган. 8-августта Аскар Акаев Бишкек-Москва багыты боюнча учуп кеткен.
Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Андан кийин 14-декабрда келип, 19-декабрда учуп кеткен.